Криштиану Роналду ФИФАнын атайын сыйлыгын алды

Криштиану Роналду Швецариянын Цюрих шаарына сыйлык алуу үчүн келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Футбол боюнча Португалиянын курама командасынын капитаны жана “Манчестер Юнайтед” командасынын чабуулчусу ФИФАнын атайын сыйлыгын алды.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылдын сентябрь айында өзүнүн улуттук курама командасы үчүн 110-голун киргизип, жалпы киргизген голдору 115ке жетип, дүйнөлүк рекорд койгон.