Коронавирус 820 адамдан аныкталып, үч бейтап каза болду

18-январга карата коронавирус 820 адамдан аныкталып, 153 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде үч бейтап каза болду.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаарында – 600,
  • Ош шаарында – 12,
  • Чүй облусунда – 109,
  • Ош облусунда – 4,
  • Талас облусунда – 14,
  • Нарын облусунда – 3,
  • Ысык-Көл облусунда – 40,
  • Жалал-Абад облусунда – 9,
  • Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылган.
  • Белгилей кетсек, Бишкекте эки мектеп жана бир бала бакча карантинге жабылды