Криштиану Роналду жаңы төрөлгөн уулу чарчап калганын билдирди

Англиялык «Манчестер Юнайтед» клубунун футболчусу Криштиану Роналду дүйшөмбү күнү, 18-апрелде жаңы төрөлгөн уулу чарчап калганын билдирди.

«Ымыркайыбыз чарчап калганын терең кайгыруу менен кабарлайбыз. Бул ата-эненин эң чоң азабы. Кыздын төрөлүшү гана ушул учурду үмүт жана бакыт менен өтүүгө күч берет. Дарыгерлерге жана медайымдарга көрсөткөн жардамы жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — дейт Роналдо Инстаграм баракчасында.

Футболчу жана анын сүйүктүүсү Джорджина Родригес баласынын жоголушуна абдан капа болгонун айтышып, коомчулуктан “бул өтө оор мезгилде” купуялуулукту суранышты.

2021-жылдын 28-октябрында Роналду менен Жоржина Родригес эгиз бала күтүп жатканы кабарланган. Жубайлар УЗИнин кагазы менен төшөктө жаткан сүрөтүн жарыялашкан.

Анда 36 жаштагы Роналду бешинчи жолу ата болоору белгиленген.

Роналду менен Родригес 2016-жылы сүйлөшүп башташып, 2019-жылы түгөйлөр жашыруун азем менен баш кошушканы кабарланган.