Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алган. Бул тууралуу «Темиров Live» агенттигинин иликтөөсүндө айтылат.

Маалым болгондой, 31-январда «Мока Групп» ЖЧКсы мамлекеттик сатып алуулар сайтында катталган. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания Таймурас Ташиевге тиешелүү.

28-март күнү Жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча биринчи сынакта Таймурас Ташиевдин компаниясы жеңишке жеткен. Андан соң Жалал-Абад шаардык кеңешине жана мэриясына бензин жеткирүү боюнча тендерди утуп алган.

Бул тендерлерге Таймурас Ташиевдин компаниясы гана катышканын журналисттер белгилешүүдө.

Кошумчалай кетсек, иликтөөдө ЖК депутаты Шайырбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Элмирбек тендерге катышууну пландап жатканын айтышкан. 9-апрелде мамлекеттик сатып алуулар сайтында жеке ишкер катары катталган.

YouTube video