Оштогу жол кырсыкта 2 адам каза болду

Ош облусунда жеңил унаа сайга кулап, 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

img 20211130 wa0004 1 Оштогу жол кырсыкта 2 адам каза болду

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга түшүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, дагы экөө ар кандай жаракат алышкан.

«Учурда аты-жөндөрү такталууда. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелерин туугандары алып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, унааны сайдан чыгарууга жардам беришти»,-деп айтылат маалыматта.