«Шайлоо өткөрө албаган өкмөт отставкага кетиши керек», —Калмаматов

Шайлоо жокко чыгып, өкмөт отставкага кетиш керек. Мындай пикирин «Азаттык» партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди.

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларга берилген добуштардын баштапкы жыйынтыктары чыга баштады. Алдын ала жыйынтык боюнча азырынча алты партия беш пайыздык чектен өттү.

«Бул шайлоо саясий кризиске келди. Мындан чыгуунун бир гана жолу бар. Шайлоо өткөрө албаган өкмөт отставкага кетиши керек», — деди Калмаматов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар саат 20:00дө жабылды.


Бүгүн, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.