Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз, – Иманкулов

Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

 Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз.

Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

“Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз”, — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.