Төрт партия биригип, талап коюшту

29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Социал-Демократтар партиясынан талапкерлер Рыскелди Момбеков, Мухтарбек Айнакулов, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, Бактыбек Калмаматов жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов чукул маалымат жыйын өткөрдү. Алар 3 талап коюшту.

Биринчиси.Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Экинчиси. Боршайкомдун бардык мүчөсү жумуштарын тапшырып кетиши керек. Тез арада жаны курам бекитилиши керек.

Жыйынга катышкандар бийлик “оппозицияны өткөрбөй коюу үчүн жараксыз бюллетендерди жана “баарына каршы” добуш бергендердин көрсөткүчүн көбөйткөн” деген доомат коюшту.

Акыркы талап бардык күнөө кетиргендерди мыйзам боюнча жоопко тартуу керек.

Текебаевдин айтымында, ар бир партиядан эле кеминде, 30-40 мин добуш уурдалган. – Алар 120 мин бюллетендерди жараксыз кылышкан, – дейт ал.

Тилек Токтогазиев партиялардын добуштарын кайра санаганда “20 миңден 30 миңге чейин добуш азайып” кеткенин айтты. Сервер токтоп калганда уурдалган добуштар кол менен санаганда чыгышы керек болчу, – дейт ал.

Исмаил Исаков “добуш берүү бүтөөрү менен шайлоо тилкелеринде шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап, протоколдорду партиялардын өкүлдөрүнө берген эмес” деп билдирди.

Эгер бийлик аталган партиялардын талаптарын аткарбаса эмне болот белгисиз. Текебаев билдиргендей, партиялардын башынын бириккени – алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана убактылуу дейт.

Нааразы болгон партиялардын катарына “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кошулган жок. аталган партия 5 пайыздык чен менен ЖКга өттү.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүргөн. 28-ноябрда Шайлдабекова “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, БШКнын онлайн системасында ката кеткенин маалымдаган.

“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин эскертип, ал юридикалык мааниге ээ эмес экенин белгилеген. Төрайым колго саналган бюллетендер менен электрондук санак ортосунда көп айырма болбой турганын кошумчалаган.

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.