Чүй облусунда бир жумада мас абалында унаа башкарган 50 айдоочу аныкталды

Чүй облусунун аймагында 22-ноябрдан 28-ноябрга чейин 2 миң 604 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымдайт.

Анын ичинен:

– мас абалында унаа башкаруу – 50;

– жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 912;

– документи жок 26 айдоочу унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 70 унаа жеткирилген.