Төрт партиянын лидерлери эки талап коюшту

4 партиянын лидерлери “Ата Мекен” штабында жыйналыш кылды. Партия лидерлери Ө.Текебаев, М.Мырзакматов, И.Исаков жана Р.Момбеков келишти.

Алар Боршайкомго эки талап коюшту.

Биринчиси, чогулгандар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылуусун талап кылышты.

Ошону менен бирге экинчи талап бул – БШКнын мүчөлөрү өз ыктыяры менен кызматтарынан кетишсин же болбосо алар жумуштан алынсын деген талабы коюлду.