Нуржан Шайлдабекова сайттагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берди.

“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”, — деп билдирди ал.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин кошумчалап, ал юридикалык мааниге ээ эмес экени мыйзамда көрсөтүлгөнүн, бирок кол менен эсептөөнүн жыйынтыгынан көп айырма болбосун белгиледи.

Эске салсак, парламенттик шайлоодо добуш берүү убактысы аяктагандан кийин — саат 20:00дөн кийин БШКнын расмий сайтынын иштөосү үзгүлтүккө учураган. Бир аз убакыттан кийин кайра ишке кирген сайтта башка сандар чыгып, алгачкы маалыматтарда 10 партия 5 пайыздык босого баллдан өткөнү көрүнсө, ал эми сайт кайра иштеп баштагандан кийин партиялардын саны 6 болгон.