Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу жарыяланды

Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады.
Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Бүгүн – тарыхый күн.
Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болгон Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып олтурат.
“Эл керегине ушул азамат, ушул партия жарайт” деп, талапкерлердин калың тизмесинен иргеп, келечектеги өнүгүүбүзгө жол чаап бере турган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алчу бийлик бутагынын курамын илгери үмүт менен шайладыңыздар.
Бул жолку парламенттик шайлоо сиздер колдоп берген Баш мыйзамыбыздын негизинде, жаңы ыкма менен өткөнүнө жалпыбыз күбө болдук.
Ага ылайык, партия аркылуу келген талапкерге да, партиясыз эркин чыккан талапкерге да добуш берүүгө шарт түзүлдү.
Тагыраак айтканда, партиялык тизмедеги талапкерди тандап алууга да мүмкүнчүлүк берилди.
Элибиздин буга чейин коюп келген талабы ушундай эле.
Бул ирет саясий өнөктүгүбүздү калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөрүп алганыбыз чоң жетишкендик болду.
Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы-бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген.
Биз, калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз.
Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын.


Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү.
Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок.
Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык.
Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик!

“Бийликтин жалгыз булагы – эл” деп Баш мыйзамыбыздын баш барагында бадырайта жазылган.

Элдин эрки менен шайлоонун өтөөсүнө чыктык. Кеменгер элибиз өзүнүн мыкты уул-кыздарын Жогорку Кеңештин кезектеги курамына шайлап алышты.
Жалпыңыздар көрүп, күбө болгондой, бул жолку шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашкан жок.
Аралашып баштагандарды дароо кызматтан алып жаттык.
Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле бийлик өкүлдөрү тигил же бул партиянын, же кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе, катуу чаралар көрүлөрүн байма-бай эскертип келген элек.
Үгүт иштеринин жүрүшүндө андай мыйзам бузуулар катталаар замат кескин, чечкиндүү кадамдарга барганыбыз ат салышкан партияларга да, талапкерлерге да чоң сабак болду.
Ошентип, бул шайлоону элибиздин, Баш мыйзамыбыздын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөрө алдык деп ишенимдүү айта алабыз.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына эл аралык коомчулуктун, байкоочу миссиялардын өкүлдөрү калыс баа берет деп ишенем.
Мен учурдан пайдаланып, шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрыла кетейин.
Шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү – мыйзамдын жана демократиянын талабы.
Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек!
Туруктуулукту, тынчтыкты бузабыз деген ниети барларга бийлик тараптан эч качан негиз бербейбиз, таза жана адилеттүү иштейбиз деп, баарыңарды ишендирип кете алам.
Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт.
Урматтуу мекендештер!
Борбордук шайлоо комиссиясы жакын арада тийиштүү мыйзамдардын чегинде расмий жыйынтыкты жарыялайт.
Президент, Министрлер Кабинети Сиздер шайлап берген партиялар жана талапкерлер менен өлкөбүздүн келечеги, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак болуп, биргелешип иштешүүгө даяр экенин баса белгилейм.
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин кароосуна бир катар мыйзам долбоорлору биринчи сессиянын биринчи эле күнүндө киргизилет.
Убакыт өтүп жатат, ал эми аткара турган иштерибиз арбын!
Эми, өлкөбүздө алдыдагы 5 жыл ичинде ири саясий өнөктүктөр болбойт.
Биз бул мезгилде Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер менен гана алек болушубуз кажет.
Элибиз бизден азыр чечкиндүү жана натыйжалуу чараларды талап кылууда.

Бийликтин үч бутагы чогуу-чаран иш алып барып, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүн камсыздашыбыз зарыл.
Ал үчүн жаңы шайланып келген парламенттин депутаттары менен жемиштүү кызматташып, албан-албан ийгиликтерге жетишебиз деген ишенимим чоң.
Элибиздин үмүтү да, көксөөсү, күткөнү да ошол.
Жергебизде ар дайым тынчтык болуп, береке-кут консун!
Элибиздин ынтымагы, Мекенибиздин бүтүндүгү бекем болсун!”