Шайлоого элдин төмөн катышуусунун себеби бир мандаттуу, преференциалдык системанын киргизилишинде, – саясий серепчи


Кыргызстанда ушул тапта парламенттик шайлоо болуп жатат.

Булак.кж редакциясы менен ортого ой-пикирин мамлекеттик система боюнча эксперт   Шерадил Бактыгулов бөлүштү.

«Учурда кырдаал туруктуу. Мурдагы шайлоолордой одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Жаштардын топтолуусу да болгон эмес. Кимге добуш беришиниз керектигин эч ким мажбурлаган жок», -деди эксперт.

Ал эми коомчулуктун шайлоого катышуусу төмөн болгону эртен менен байкалды, эл кечке жуук шайлоого активдүү катышып жатат, – дейт ал.

«Ошол эле учурда элдин шайлоодон тажап калганы байкалууда. Мисалга алсак, Бишкек, Ош, Токмок, Балыкчы – шаарларында акыркы 12 айда бул шайлоо 6-жолу болуп жатат. Алсак, парламенттик шайлоодон баштап (октябрь 2020-ж), Кыргызстанда президенттик шайлоо болду, референдум, айылдык кенештерди шайлоо, кайра шайлоо жана азыркы ЖК депутаттарын шайлоо» – деп баса белгиледи Бактыгулов.

Эксперттин айтымында, шайлоого элдин аз катышуусунун себеби бир мандаттуу, преференциалдык системанын киргизилишинде.

2010-жылдан тартып 2021-жылга дейре Кыргызстанда жабык тизме менен депутаттар шайланып келген. ошондуктан партиянын атын гана болушунча даназалоо болгон. Ушундай баш аламан шайлоонун айынан элдин нааразычылыгы чыгып, митинг орун алган.

Бул саам ар бир талапкер ысымын алдыга жылдырып, партиянын аталышы артта калды. Алар айылдарында, таанымал болгон туулган жерлеринде талапкерлигин коюп, кызуу жарнама кылышты.

Андыктан партия финансы жактан шайлоого аз каражат сарптады да, бул кезек элдин арасында шайлоодо шайлоочу кандай жол менен добушун бериши керектиги аз маалымдалып калды.

«Бул шайлоодо админресурс колдонулган жок”, деди эксперт