Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу курал алынды

Ок атуучу куралдардын, жардыруучу заттардын мыйзамсыз жүгүртүү учурларын аныктоо жана куралдардын колдонуусу менен кылмыштардын алдын алуу максатында, Ысык-Көл облусунда 22-24 ноябрь күндөрү «Арсенал» аталышындагы операция болуп өттү.


Үч күндүк иш чаранын жүрүшүндө, миңден ашык мергенчилер, газдык жана травматикалык куралдардын 82 ээси текшерүүдөн өтүштү.

WhatsApp Image 2021 11 26 at 07.47.11 Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу курал алынды

Курал-жарактар сакталган 12 уруксат берүүчү объектилер изилденип чыкты. Операцияга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан 9 мурда жасалган кылмыштардын бети ачылып, издөө жүргөн 2 кылмышкерлер колго түшүрүлгөн.

WhatsApp Image 2021 11 26 at 07.47.10 2 Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу курал алынды


Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу куралдар алынды, анын ичинен 3 сайлуу жана 18 сайсыз куралдар болуп саналат. Бардык аныкталган фактылар шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн КЖБРне катталып, учурда жазык кодексинин 253 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренесинин негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

WhatsApp Image 2021 11 26 at 07.47.10 1 Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу курал алынды


Бардыгы болуп, курал-жарактарга байланыштуу 53 протокол түзүлүп, анын ичинен 49 сактоо эрежелерин жана 4 каттоо мөнөөтүн бузуу болуп саналат. Аныкталган фактылар боюнча айып пулдар Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде салынды.