Жапаров Сокулук районунун Ороктогу жерлерди трансформациялоо жөнүндө токтомго кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомго кол койду.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын ТЭЦ–2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык министрлер кабинети токтом кылат:

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагын каржылоо тизмесине киргизсин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн. (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

  • бар болгон жеке турак жай курулуштарына шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
  • жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
  • ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

Бул токтомдун аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ТЭЦ–2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугуп, жерди мыйзамдыштыруу тапшырмасын койгон.