Бишкек шаарындагы айрым райондордо жаратылыш газы жок болот

Бишкек шаарындагы айрым райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлгөнү оңдоо иштери менен байланыштуу. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалымат боюнча, 15-19-ноябрь күндөрү Осмонкул—Древесная көчөлөрүнүн кесилишиндеги газ түтүктөрүндө авариялык оңдоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу бир нече көчөдө жаратылыш газы жок болот.

Алар:

  • Аламүдүн айылы (Чоң Чүй каналы – Жогорку Ат-Башы каналы – Дачный – Алматы – Гидрокуруучу – Аул – Курманалиев – Биринчи май – Логвиненко – Кыргызстан – Айланма жол – Ала-Арча дарыясы– Бухара – Завод – Коллективная – Кырк-Чоро көчөлөрү менен чектешкен аймактар);
  • Төмөнкү Ала-Арча, Кызыл куруучу, Кайыңды, Эне-Сай, Керамическая, Чалбай;
  • өндүрүш ишканалары: «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликов торту», «Сантех Заготовок» заводу, Элебесов №211 дареги (Шаардык кургак учукка каршы оорукана).