Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү орун алды

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алдын ала маалымат боюнча, Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин забоюнда бүгүн саат 13:30 чамасында жер көчкү (көлөмү такталууда) түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын 1 даана экскаваторун басып калган.

Айдоочусу жабыркаган эмес, ошол учурда унаада жок болгон.

Кырсык катталган жерге саат 17:30да райондук ЖК комиссиясы жана КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.