Текебаев «Теке» деген ырын уруксаты жок үгүт иштерине колдонгон

2017-жылы Бегиш менен Баястан «Теке» деген ырын чыгарышкан. Анда жаштарга кыялыңа умтулуп, таза иштесең, эл менен бир болсоң максатыңа жетесиң деген ыр саптары бар.

Мына ошол ырды колдонуп, кечээ соцтармакта «Ата Мекен» партиясынын агитациялык ролиги жарыяланып, анда кыргызстандык рэперлердин «Теке» деген ыры жаңырган. Ал эми бул ырдын аткаруучуларынын бири Бегиш өзүнүн Instagram баракчасына бир да партияга бул ырды колдонууга уруксат бербегенин жазып чыкты.

YouTube video