Кара-Кече көмүр кенинен көмүр сатуу убактылуу токтотулат

27-декабрдан 10-январга чейин Кара-Кече көмүр кенинен көмүр сатуу убактылуу токтотулат. Бул аралыкта кенде тазалоо иштери жана көмүрдүн жаңы катмарын ачуу иштери жүргүзүлө турганын «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үзгүлтүксүз улантылат.

Быйыл сентябрь айынан татып Кара-Кече көмүр кенинен 0,5 млн. тонна көмүр казылып алынган.

Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу көмүр казуу 15-20-декабрь күндөрү да токтогон болчу.