Кыргызстандыктар жыл башынан тарта апрелге чейин автоунааны 11 эсе көп саткан

Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылды.

2023-жылдын алгачкы төрт айында тышка 2 741 автокөлүк соодаланган, бул былтыркыга салыштырмалуу бир топ арбын, тагыраагы, анда көрсөткүч 266ны түзгөн эле.

Бул төрт айдын ичинде Казакстан менен Россия жарандары кыргызстандыктардан 2 712 автоунаа алып кеткен. Былтыр ал сандар 244түн тегерегинде болгону айтылды.