MEGA уюлдук операторун 12 миллиард сомго сатуу пландалууда

MEGA уюлдук операторун болжолдуу түрдө 12 миллиард сомго сатуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков «Альфа Телекомдун» (MEGA) башкы директору Нурлан Мамытовдон компания мамлекетке канча киреше алып келерин сурады.

Акыркысы 2022-жылга карата так маалымат азырынча жок деп жооп берди. «Бирок ишкана жылына 1 млрд 528 миң сом киреше табат. Мындан тышкары, 2021-жылга салыктар 823 млн сомду түздү», — деди башкы директор.

Нурлан Мамытов белгилегендей, MEGA уюлдук операторунун алдын ала сметалык баасы болжолдуу түрдө 12 миллиард сомду түзөт.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров бул сумма акыркы чечим эмес экенин, дагы бир катар баалоочу иш-чаралардан соң акыркы баа бекитилерин белгиледи.