Кеминде мугалимдердин эсеби аркылуу 10 млн. сом уурдалган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик акчаны чыгарып алуу жана уурдоо боюнча туруктуу схема аныкталгандыгын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул схема 2016-жылдан бери иштеп келген.

“Кызмат адамдары алыскы орто мектептердин мугалимдерине билдирбестен банктык эсептерди ачышкан. Алар көрсөтүлгөн кызматтары үчүн төлөм деген шылтоо менен бул эсептер аркылуу акча которуп, накталай акчаны башкы бухгалтер Д.М. менен эсепчи К.Э. банкоматтардан чыгарып турган”, — деп айтылат маалыматта.

Финансы министрлигинин адистери текшерүү жүргүзүп, 10 миллион сомдук зыян келтирилгенин аныктаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.