“Апакеме өмүр үчүн рахмат”: Түркияда кыргыз келиндин акыркы каты

Буга чейин Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп таштандыга ыргытып салды деп кайнатасы шектелип кармалган. Андан кийин үрөй учурган кылмыштын айрым деталдарын түрк басылмалары чагылдырды.

Ал эми жергиликтүү массалык маалымат каражаттар маркум келиндин туулган күнү 10-октябрь күнү болгонун, андан сырткары социалдык тармактагы баракчасына жазылган акыркы постун жарыялашты:

Азыр мен 30га келдим, убакыт кандай тез учуп кетти. Менин бүт жашоом али алдыда экени, көп убакытым бар сезилген.

Жыйынтыктарды чыгарбайм, бул акылсыздык. Кандай болсо, ошондой болду. Демек ошондой болушу керек. Көптөгөн каталар кетти, керексиз сөздөр айтылды, бирок өкүнбөйм, эмне үчүн? Биз өзүбүз акырына чейин эмне туура, эмне туура эмес экенин билбейбиз. Ошол күнү мен өзүмө суроо берем: “Сен бактылуусуңбу?” Ооба, мен бактылуумун.

Албетте, жанымда мага кымбат адамдар жок – апам, атам, иним. Бирок алар дайыма менин ойумда. Менде эмне бар? Менин бакытым – уулдарым бар. Мени жакшы көрүп, күтүп турган үй. Сүйгөн жарым.

381727 4 "Апакеме өмүр үчүн рахмат": Түркияда кыргыз келиндин акыркы каты

Ушул күнү мен ойлонгум келет, мындан ары эмне болот? Биздин жашыбыз сандар менен эмес, өзүбүздү канча жаштагыдай сезүүбүз менен өлчөнөт дешет. Мага жашым жагат.

Бул эми ойлонулбаган жаштык эмес, карылык дагы эмес. Мен жашмын, сулуумун, баары жакшы боло турганына ишенем, анткени 30 жашта жашоо эми гана башталат.

Бул жылдар аралыгында мен жетилдим, мен азыр баарына же дээрлик баарына туруштук бере ала турганымдай сезилет. Мен күчтүү болдум, бойго жеттим. Чечимдерди кабыл алууну жана алар үчүн жоопкерчиликти алууну үйрөндүм. Бирок ички жан дүйнөмдө дагы деле, баягы эле жомокторго ишенген кичинекей, тентек кызмын. Мен аларга ишенгим келет.

Ал эми сүйүү, сүйүү деген эмне? Ал бар жана жашап келет, бирок андан башка да көптөгөн баалуулуктар бар. Мен жөн гана аны биринчи орундан алып салдым. Кийинкиси эмне? Билбейм. Билем, мен күчтүү болом, акылдуу болом, эң жакшы болооруна гана ишенем. 30 жашым кут болсун. Апакеме өмүр үчүн рахмат”, – деп жазган келин.