Рафаэль Физиев видеокайрылуусун өчүрүп салды

UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпарын айтып, кайрылуу жасаган видеосун социалдык тармактагы баракчасынан өчүрүп салды.

Видео жарыяланары менен дароо кызуу талкууга алынган. Өз кезегинде Рафаэль Физиевден видео жарыялангандан кийин ага катталган 3 миңден ашуун адам катталуучунун катарынан чыкты.

Муфтият анын айткандары жалган экенин белгилеген.