ИИМ мектеп окуучуларына баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө эскертти

Ош шаарында жашы жете электердин арасында баңгизатты колдонууларын алдын алуу максатында В.Терешков атындагы мектеп интернатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлеринин катышуусунда жогорку класстын окуучулары арасында лекция-маек өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2021 10 14 at 15.15.06 1 1 ИИМ мектеп окуучуларына баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө эскертти
WhatsApp Image 2021 10 14 at 15.15.06 ИИМ мектеп окуучуларына баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө эскертти


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өспүрүмдөрдүн баңгизаттарды колдонуунун жана аны ташуунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошондой эле баңгизатка каршы үндөгөн видеороликтерди көрсөтүштү. Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды колдонуунун ден соолукка тийгизген терс таасирин дагы айтып беришти.
Өспүрүмдөр арасында маектешүү кызыктуу жүрүп, баңгизаттардын адамдын организмине тийгизген зыяны тууралуу маалыматтар берилди.


Мугалимдер интернаттын тарбиялануучуларын психологиялык жана физикалык көз карандылыкты пайда кылган заттарды колдонуунун терс кесепеттери тууралуу маалымат менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн тузүп беришкен ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, мындай окуялар коомдо баңгиликке сын көз карашын калыптандырып, өспүрүмдөр менен жаштар арасында терс мамилени пайда кыларын белгилешти.
Урматтуу жарандар, эгер сиз оор турмуштук кырдаалга кабылган бардарды же балдарга каршы жасалган же алардын катышуусу менен жасалган кылмыштар жана укук бузуулар жөнүндө билген болсоңуз, тез арада 102 номуруна кайрылыңыздар.

ИИМдин Басма сөз кызматы