“Табияттан идеалдуу бийлик болбойт”, – Акылбек Жапаров

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда Акылбек Жапаров баяндама жасап, жоопкерчиликтүү кызматка баратканын айтты.

“Эмне өзгөрдү, эмне өзгөрөт? Биз баарыбыз өзгөрдүк, доор алмашты. Бир жыл мурун өзгөрүү болду. 3 революция болду. Бардык толкундоолордун натыйжалары убагы келгенде тарых өз баасын берет. Бир дагы революциядан кийин мамлекеттүүлүктү жоготуп алган жокпуз. Алар эмне деп айтышпасын залда отургандардын эмгеги бар. Бийлик күтүүсүздөн идеалдуу болуп калбайт. Табияттан идеалдуу бийлик болбойт”, – дейт Жапаров.