Карамат Орозова: “Баткенден Министрлер кабинетинде бир да өкүл жок”

Депутат Карамат Орозова Акылбек Жапаровдун программасында чек ара боюнча чек ара коопсуздугу абдан опурталдуу маселе экендигин белгиледи. Баткен абдан курч облус катары бааланат. Министрлер кабинетинде эмнеге бир да адам жок деген суроосуна Министрлер Кабинетинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров мындай жооп берди:

  • – Атайын бизде чек ара боюнча такай иштеп келген вице-премьер бар. Учурда Садыр Жапаров сиз айткан суроолор боюнча алектенип жатат. Убакыт, доор азыр башка. 5 жылдык стратегиянын ичинде Баткен да бар. Атайын фонд, болот. Сиздердин тапшырманыздыр менен 5 миллион сомду эки облуска болгон финансылык жардам болот. 2-3 жылдын ичинде Баткен облусу жогору денгээлде болот.
  • Ошондой эле Карамат Орозова Баткендин маселесин жакындан билген адам болуш керек, министрлер кабинети Баткенге барып жашап, жакындан таанышса кандай болот эле деген сунушуна Жапаров биринчи отурум Баткенде болот деп жооп узатты