Акылбек Жапаров: “Идеалдуу бийлик болбойт”

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда Акылбек Жапаров депутаттарды өзүнүн программасы менен тааныштырды.

“Эмне өзгөрдү, эмне өзгөрөт? Биз баарыбыз өзгөрдүк, доор алмашты. 3 революция болду. Бардык толкундоолордун натыйжаларына убагы келгенде тарых өз баасын берет. Бир дагы революциядан кийин мамлекеттүүлүктү жоготуп алган жокпуз. Табияттан идеалдуу бийлик болбойт, кемчиликтер болгон жана боло берет”, – деди Жапаров.