Нурбаев Жапаровго: “Сиз алып келген адам ваучер эмне экенин билбей жатат”

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатканда депутат Абдывахап Нурбаев Акылбек Жапаровдун командасына президент ант берүү аземинде билим берүү тармагына ваучерди киргизүү боюнча сөздөрдү айтканын эске салды. “Бирок Билим берүү министрлиги тарабынан кадамдарды көрбөй жатам”, – дейт ал.

Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Болотбек Купешев билим берүү системасындагы маселелерди издилдеп чыкканын билдирди. “Ваучерди сизден биринчи жолу угуп жатам”, – деди ал. Ошол эле учурда Акылбек Жапаров тынчсызданып, ал ваучер эмне экенин билээрин айтты.

Депутат Министрлер кабинетинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаровго: “Мындай команда менен кайда барасыз? Ваучер эмне экенин билбей жатышат”, – деди.

Акылбек Жапаров: “Жакшы жакка барам. Ваучер эмне экенин түшүнөм. Түшүнбөсө түшүндүрөбүз же түшүнө турган адамды алып келебиз”, – деп кырдаалдан чыкты.