Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды
Бүгүн, 22-майда Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Тыналев менен Масалиев...
Сузакта окуучулар мектепте эмес, көмүскө медреселерде билим алып жүрүшкөн
Жалал-Абаддын Сузак районунда көмүскө иштеген эки медресе аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган медреселер Тотуя айылында 2022-жылдын аягында ачылып,...
ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам үчүн “марш бросок” өткөрдү
Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 20-майында ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын атайын кызматтык...
Бишкекте баатыр энелер сыйланды
Бишкек шаарындагы бир катар райондордун акимдери баатыр энелерди Энелер күнү менен куттукташты. Аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы...
“Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрым аскер кызматчылары кармалды
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө,...
Кыргызстан менен Кытай 1 млрд долларлык келишимдерге кол койду
Президент Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 млрд доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кол...
Депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды. Бул маселени 22-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.
Түлөбаевдин...
Тамчыдагы миллион сомго салынган аялдама алынды
«Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайына салынган аялдама алынды.
Буга чейин Башкы прокуратура Тамчыдагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалганын кабарлаган. Каражат Ысык-Көл райондук өнүктүрүү...
ИИМде акыркы коңгуроо иш-чарасын жана жайкы туристтик сезонду өткөрүү боюнча онлайн кеңешме өттү
Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматта, 2023-жылдын 22-майында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар,...
«Тойбосс» колбасаларынан чочконун ДНКсы чыккан жок
«Тойбосс» («Адал-Азык» ЖЧКсы) колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди. Бул тууралуу аталган ишкана «Фейсбуктагы» баракчасына кабарлады.
Компания билдиргендей, колбаса өнүмдөрдү текшерүү үчүн Бишкек шаарынын республикалык ветеринардык диагностика...
















