Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды

Президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, тактап айтканда, билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөдөгү оң өзгөрүүлөргө көңүл буруп, акыркы жылдары Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлеп жатканын белгиледи. Өлкөнүн саясий жана экономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу, аны социалдык жана маданий өнүктүрүү боюнча күчөтүлгөн иш алып барылууда.

Ал белгилегендей, көрүлүп жаткан күч-аракеттер, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, технологиялык сабаттуулукту жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого жана Кыргызстандын бардык жарандары үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Жеке адамдын руханий-адептик жактан өнүгүүсүнө жана дене тарбиясына өзгөчө басым жасалууда.

Акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын президент белгиледи.

a569d7d7 9a3f 4a01 b106 00cd1f96e9ad Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды
2495d1fe 1afd 41d6 9ee4 a52929b9cb60 Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды
9b44edee 969e 4650 92c0 d52ef56138d6 Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды