Казакстанда автокырсыктан 2 кыргызстандык мерт кетти

Казакстандын Караганда облусунун Шет районунда жол кырсыгы катталып, кыргызстандык 2 жаран каза болду. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ведомствонун маалыматы боюнча окуя 17-августта катталган. Анын кесепетинен 1966-жылы туулган И.А.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда аталган жаран медициналык мекемеде дарыланууда.

Ал эми 1963-жылы туулган И.Г.В. жана 1974-жылы туулган Е.Е.Ю. аттуу Кыргызстандын дагы эки жараны алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдардын сөөгүн туугандары мекенге алып кетишкен.

Аталган факты боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Маселе министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө экени айтылат маалыматта.