
Кыргызстандыктар Кытайда 240 саатка чейин (10 күн) визасыз транзит менен жүрүп, Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Кытайдын Улуттук иммиграция башкармалыгынын маалыматында айтылат.
Урксат 20-августтан баштап күчүнө кирет. Ага ылайык, кыргызстандыктар Кытай аркылуу башка өлкөгө бара жатканын тастыктаган билети, так маршруту жана датасы болсо 240 саатка чейин визасыз жүрө алышат. Бул Кытайдын 24 аймагындагы 65 өткөрмө пункт аркылуу, анын ичинде Пекин жана Шанхайдагы пункттары аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми ачык чек ара өтмөктөрү аркылуу Хайнань провинциясына визасыз кирип, 30 күнгө чейин кала алышат. Визасыз режим Хайнаньдын административдик аймагына гана тиешелүү.
Эки режим тең туризм, ишкердик, туугандарына баруу сыяктуу кыска мөөнөттүү сапарларга уруксат берет. Жумуш, окуу, журналисттик ишмердүүлүк жана алдын ала макулдукту талап кылган башка иш-аракеттер үчүн виза талап кылынат.
Белгилей кетчү жагдай, 24 аймактын тизмесине Синьцзян-Уйгур автономдуу округу жана Үрүмчү кирбейт. Демек Үрүмчүгө баруу үчүн виза талап кылынат.






