Маркировкасы жок. Ирандан келген 22 тонна нектарин артка кайтарылды

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» фитосанитардык контродук постунда Ирандан Кыргызстанга импорттолгон 22 тонна нектаринге (түксүз шабдалы мөмөсү) фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Фитосанитардык көзөмөл учурунда продукциянын таңгагында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык милдеттүү маркировка жок экени аныкталды.

Тиешелүү маркировкасыз карантинге алынуучу продукцияны өлкө аймагына алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.

Мындан улам 22 тонна нектарин Кыргызстандын аймагына киргизилбей, жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.