Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: Элди атайын автобустар ташыйт. Даректери

31 -августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Бишкек Аренага» жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт.

Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, «Бишкек Аренага» жете алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  • 1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • 2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  • 3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  • 4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  • 5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  • 6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  • 7. «Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);
  • 8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
  • 9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  • 10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
  • 11. Алтымышев көчсөсү, 98/1;
  • 12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
  • 13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
  • 14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
  • 15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  • 16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
  • 17. Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
  • 18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
  • 19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
  • 20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  • 21. Тыналиев көчөсү, 16.

Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр “Бишкек Арена«стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт.

Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.