
Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.
Чектөөлөр 27-августтан 10-сентябрга чейин күчүндө болот. Бул аралыкта атайын уруксаты жок жарандык авиациянын аба кемелерин жана учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) учурууга тыюу салынат.
Мындай чаралар өлкөдө ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу болуп жатат. Чектөөлөр эл аралык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилүүдө.
Эске салсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте өтөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөрүлөт. Ачылыш аземи 31-августта «Бишкек Арена» стадионунда пландаштырылган. Негизги спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өтөт.






