
51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышы 5-октябрда болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы маалымдады.
Белгилүү болгондой, стадиондун ачылышы шоу-концерт менен өтүп, кирүү акысыз болот.
Иш-чаранын өтө турган күнү боюнча кошумча маалымат берилет дешти башкармалыктан.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы сентябрь айынын аягында болорун, ал эми 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы гана өтөрүн билдирген.






