
Бишкекте эл ташыган №153 автобус жөө өтмөктөн эки өспүрүмдү коюп кетти. Кырсыктан кийин жабырлануучулардын жерде жаткан видеосу соцтармакка тарады.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, бүгүн болжол менен саат 09:00дө коомдук транспорт Фучик көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Өспүрүмдөр жолду батыштан чыгышты көздөй жөө өтмөктөн кесип өтүп жаткан учурда кырсык болгон.
“Жабыркаган эки өспүрүм Тез жардам кызматы тарабынан №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин алдын ала маалыматына ылайык, алардын оор жаракат алганы аныкталган эмес. Өспүрүмдөрдүн денесинен көгала тактар жана жумшак ткандардын жабыркашы аныкталган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары жана себептери такталууда. Кошумча маалымат берилери айтылды.






