
Бийлик Кыргызстандын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ өрт коопсуздугу тармагындагы мыйзамдарды оптималдаштыруу жана коопсуздук талаптарын аткаруу максатында кабыл алынды.
Токтомдогу негизги талаптар менен чектөөлөр:
пиротехникалык буюмдар адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана сатылат;
иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин пиротехника атууга жана ызы-чууга тыюу салынат.
Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






