
Колумбияда болгон катуу жер титирөөдөн 132 киши каза тапты. Бул тууралуу Caracol телеканалы бийлик органдарына шилтеме берүү менен кабарлады.
“132 адам каза болуп, 570 жаран жаракат алды, 32 шаарда кооптуулуктун “кызыл” деңгээли жарыяланды”, — деп жазылат Х социалдык тармагындагы билдирүүдө.
Эң оор кырдаал Перейра шаарында, Кофе аймагынын башка бөлүктөрүндө, ошондой эле Валье-дель-Каука жана Чоко департаменттеринде жаралганы белгиленет.






