
31-августтагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыла баштады. Президенттин иш башкармалыгынан билдиргендей, билеттин баасы секторуна жана орунга жараша 5000 сомдон 9000 сомго чейин болот. Билеттер ticket.gov.kg расмий сайтында сатылууда.
Башкармалыктан белгилешкендей, “Бишкек Аренага” жеке унаа менен барууга болбойт. Көрүүчүлөр үчүн акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Акыркы автобус саат 15:00дө жөнөйт.
Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобустан түшүрүлгөн пунктка кайра барышы керек. Ал жерден маршруттун номери жана баштапкы дарек көрсөтүлгөн тактайчанын жанында турган автобуска отуруу зарыл.
Ошондой эле 7 жашка чейинки балдарды иш-чарага алып келүүгө жол берилбейт. Бул чектөө кичинекей балдардын ыңгайлуулугун жана бардык көрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында киргизилгени маалымдалды.
Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө жана кайра сатууга болбойт. Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан билет сатып алуучунун жеке маалыматтарына байланыштырылат.






