
Бишкектеги “Вефа” соода борборунун үчүнчү кабатынан 5 жаштагы бала кулап түштү. Учурда ал ооруканада жатат.
Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, окуя 11-августта кечинде болгон. Бала баш мээсинен жаракат алып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эс-учу жок абалда жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын ооруканадан ырасташты.
Биринчи Май РИИБи окуя тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.






