“Альянс Алтын” 2023-жылдын эң мыкты социалдык жана экологиялык компаниясы

“Альянс Алтын” ONE MAGAZINE журналынын версиясы боюнча 2023-жылдын эң мыкты социалдык жана экологиялык компаниясы наамына ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи 13-январда өттү.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы сыйлыктын уюштуруучуларына компаниянын аракеттерине көңүл буруп, анын эмгегин жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирет:

«Бул ийгилик 1000 адамдан турган бүтүндөй жамааттын эмгеги! Биз Кыргызстандын экономикасына жана өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз мында ары да сезилип турушу үчүн корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин принциптерин кармануу менен иштей беребиз», – деп белгилешет компанияда.