“Альянс Алтын” музыкалык мектепке керектүү музыкалык аспаптарды алып берди

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан түзүлгөн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду облуста маданият тармагын өнүктүрүүгө кезектеги колдоосун көрсөттү. Бул жолу Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебине музыкалык аспаптардын түрүн жана улуттук кийимдерди алып берди. Бул тууралуу аталган фонд маалымдады.

 Талас облустук музыкалык мектептин жетекчилиги “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусуна электрондук фортепиано, аккордеон, баян, комуз, микрофон, музыкалык жабдуулар, улуттук кийимдер жана башка шаймандарды алып берүү боюнча кайрылган. Кайрылуунун негизинде “Альянс Алтын “ өнүктүрүү фонду 840 миң сом каражат жумшап, керектелген аспаптарды алып берген.

Музыкалык аспаптар менен камсыздалган мектептин жамааты жана анда окуган окуучулар колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык катары маданий иш-чара уюштуруп, концерттик программа тартуулашты. Өнөрпоздордун талантына “Альянс Алтын” компаниясынын жана фонддун кызматкерлери күбө болуп, мындан аркы кадамдарына ийгилик каалашты.

Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Талас облусунун маданият тармагын чыңдоого көп салым кошуп келет.