“Альянс Алтын” Таластагы окуу мекемелерине техникалык жабдууларды алып берди

“Альянс Алтын” компаниясы Талас шаарындагы медициналык колледждин жана Аманбаев айыл аймагындагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинин базасы чыңдоо максатында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге окуу жайга керектүү техникаларды тапшырды.

Медициналык окуу жайга жаңы үлгүдөгү беш даана компьютер, эки интерактивдүү панель тапшырылса, Айтматов орто мектебине эки ноутбук менен бир интерактивдүү панель берилди. Компаниянын коомчулук менен менен кызматташуу бөлүмү билдирген маалыматка ылайык, демилге эл өкүлү Марат Мураталиев тарабынан сунушталып “Альянс Алтын “ компаниясы тарабынан 611 миң сом каражат жумшалган. Ал эми компания  билим берүү тармагына ар дайым өз салымын кошууга кызыктар экени айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев  окуу жайларга техникаларды тапшырып жатып, улуттун саламаттыгы дарыгелерге түздөн-түз байланыштуу экендигин баса белгилеп, сапаттуу билим – өлкөнүн келечеги экендигин ошондой сапаттуу билим алууга көмөктөшкөндүгү үчүн  “Альянс Алтын” компаниясына терең ыраазычылыгын билдирди.