Ленин шайлоо округунда Кубанычбек Самаков алдыда келе жатат

Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков алдыда келе жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, шайлоо округундагы 51 автоматтык эсептөөчү үкөктүн жыйынтыктары келип түштү.

Ага ылайык, Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчүдө 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат.

БШКнын маалыматына ылайык, бул шайлоодо 20 миң 169 адам добуш берди. Бул жалпы 127 миң 239 шайлоочунун 15,85% түзөт.