3000 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан Ленин райондук ИИБнын тергөөчүсү кармалды

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын Ленин райондук ШИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын капитаны Ж.С.Т. чет элдик инвестордон акча талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөчү 380 миң доллар өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМне жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Анда Түркиянын жаранынан тергөөчү 3000 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.

Dizajn bez nazvaniya 13 1 800x450 1 3000 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан Ленин райондук ИИБнын тергөөчүсү кармалды

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.С.Т. келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.