Айпери Медет кызы алтын тагынды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын утту.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырган.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы россиялык Екатерина Букинаны 5:3 эсебинде жеңди.

Финалга чыкчу кармашта кыргызстандык спортчу германиялык Франци Рейделтти 6:1 эсебинде артта калтырды.