Кыргызстандын ТИМи Украинадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

«Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Орусия жана Украина менен болгон тарыхый достук мамилелерибизге таянып, тараптар чыр-чатакты жөнгө салуунун жаңы форматтарын жана механизмдерин түзүү аркылуу сүйлөшүүлөр үстөлүндө тез арада тынчтыкка жетишет деп ишенебиз», — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүдө Кыргызстан тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган ар кандай сунуштарды жана демилгелерди кубаттары айтылган.

Андан тышкары бардык тараптарды жарандардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун, алардын чыр-чатак болгон аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырган.