Владимир Зеленский украин элине кезектеги кайрылуусун жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин элине кезектеги кайрылуусун жасады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

«Кутман таң, украиндер. Түндө мени курал таштоого чакырды деген көп маалыматтар пайда болду. Мен бул жердемин, биз эч кандай курал таштабайбыз, биз армиябызга, мамлекетибизге ишенебиз. Биз аны коргойбуз. Украинага даңк», — деди Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын айткан. Ал бир канча шаарда кагылышуулар уланып жатканын, Орусиянын армиясы Украинанын жайкын тургундар жашаган аймактарына, анын ичинде бала бакчаларга да сокку уруп жатканын белгиледи. Буга чейин орус бийлиги жай тургундар бутага алынбаганын билдирген болчу.